АДЕНОМА
АДЕНОМА (гр. aden – без, ома – шишик) – денедеги ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, простата бездери ж. б.) без эпителийинен пайда болуучу зыянсыз шишик. Анда без тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын өлчөмү, формасы ар түрдүү, көзгө көрүнбөгөн кичинекей көлөмдөн тартып, баланын башындай болгон эң чоң Аденомалар кездешет. Аденома кээде залалдуу шишикке (ракка) өтүшү мүмкүн. Ошондуктан операция же башка жол менен өз учурунда дарылоо керек.