АДДИТИВДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 29 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДДИТИВДҮҮЛҮК (лат. additivus – кошулуу­чу) – бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына бара­бар болушун туюнткан касиет. Мисалы, көлөмдүн Аддитивдүүлүгү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бө­лүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. Аддитивдүүлүккө беттин аянты, сызыктын узун­дугу, нерсенин массасы ж. б. ээ болот.