АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (лат. adventicius ­келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калып­танып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда бол гон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар).

Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабак­тын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жал­быракта ж‑а тамырда пайда болот; ал эми ад вентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр систе­масын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот. А Мурсалиев.