АДАМБЕКОВ Догдурбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМБЕКОВ Доктурбек (1955-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Карагоо кыштагы) ‒ иммунолог, медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2006). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1988). КММИни бүтүргөн (1977), ошол эле институттун аспиранты, доценти, кафедра башчысы, 2004-06-жылдары КММАнын ректору. Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Россия медицина-технникалык академиясынын академиги (1999). Илимий иштери иммунология жана микробиологияга арналган. Адамбеков 130 илимий эмгектин, анын ичинен 3 монография, 10 окуу китеби жана окуу куралы, 10 ойлоп табуунун, 5 РФ патентинин автору.

Эмг.: Иммунология бактериальных инфекций. Бишкек, 1995, в 2-х томах.