АГЫМ КАТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 16 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГЫМ КАТАРЫ (орусча Поточная линия) ‒ өз ара байланышкан жана бир технологиялык процесс боюнча берилген тартип менен иштөөчү жабдуулар тутуму. Ар бир жумушчу орунда бир же бир нече технологиялык окшош сомдомолорду (заготовка) иштетүү операцияларын гана аткарат. Жумушчу орундар берилген технологиялык процесстердин удаалаштыгына ылайык жайгаштырылат. Сомдомолор бир жумушчу орундан кийинки сине жылдыргычтардын (конвейердин) жардамы менен жеткирилет. Агым катары технологиялык процесстин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, аны механикалаштырууга жана автоматташтырууга мүмкүндүк берип, массалык өндүрүштө кеӊири колдонулат.