АГРОЛАНДШАФТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 16 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОЛАНДШАФТмезорельефтин элементтеринде топурак ареалы менен чектелген же болбосо топурак курамына (бирдей геологиялык, литологиялык, гидрологиялык ж. б. шарттарда) ээ болгон жер бетинин бир бөлүгү. Агроландшафт топурактын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн экологиялык коопсуздукту эске алуу менен жер ресурстарынын мүмкүнчүлүгүн эӊ арбын колдонгон айыл чарба иштеринин түрүнө кирет.

Файл:АГРОЛАНДШ АФТ1.png
Агроландшафт (пахта талаасы).

Айдоо жерлерди туура эмес пайдалануунун натыйжасында жерлер суу, шамал аркылуу эрозияга учурап, көп жерлерде жер кыртышын суу басып, шорлонтуп жиберет. Ошондой эле, бул айдоо жерлердин химиялык (канцерогендик, мутагендик) заттар менен булганышынан айдоо жерлердин түшүмдүүлүгү төмөндөйт. Химиялык жер семирткичтердеги уулуу заттар калк арасында ар түрдүү оорулардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок, акыркы жылдары химиялык заттар биологиялык заттар менен алмаштырылууда.

А. Козубекова.