АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 15 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО ‒ сүрөт искусствосунун түрү. Ага саясий плакат, саясий гезиттерде үгүттүк маанайдагы сүрөттөр, көркөм искусствонун соода рекламалары жана элдик оюн-зоокторду ж. б. массалык иш-чараларды кооздоодо көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. Агитациялык искусствонун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө дароо таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт, анын ичинде өлкөнүн саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга тез жана ыкчам жооп кайтарууда ар кыл саясий күчтөр үчүн кубаттуу идеялык курал болуп саналат.