АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 7 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. А. ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын ж-а жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. А. реакциясы электролиттердин (натрий хлориди ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн ж-а тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.