АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР ‒ жалганмалуу же мүчөлөнмө тилдер. Алар негизден же уӊгу сөздөн кийин түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу сөз жасоо ж-а сөз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Агглютинативдик тилдерде уӊгу сөзгө ар түрдүү мүчөлөр жалгануу аркылуу ар түрдүү грамматикалык формалар пайда болот. Азиядагы, Африкадагы, Океаниядагы көпчүлүк тилдер (мис., түрк, монгол, венгр, полинезий, банту ж. б.) агглютинативдик тилдерге жатат.