АГВАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГВАН ТИЛИ – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында жана Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян жана грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. Агван тили байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет жана фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси б-ча Азербайжан Республикасынын Габалин районуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.