АГВАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГВАН ТИЛИ – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында ж-а Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян ж-а грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. Агван тили байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет ж-а фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси б-ча Азербайжан Республикасынын Габалин районуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын. Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.