АГВАН ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
  – байыркы Кавказ албандарынын тили. Нах-Дагестан тилдеринин лезгин тобундагы өлүү тилдерине кирет. 10–12-кылымдарда Кур дарыя бассейинин сол жээгинде (азыркы Азербайжандын түндүгүндө, Грузиянын чыгышында ж-а Дагестандын түштүк тарабынын бир бөлүгүндө) кеңири тараган. Бара-бара түрк диалектилери, армян ж-а грузин тилдерине сиңип жоголуп кеткен. А. т. байыркы Кавказ Албаниясынын 26 уруусунун бири гаргарлардын тили деп эсептелет ж-а фонетикалык түзүлүшү (фаренгалдуу үндүүлөр басымдуу), диалектиси б-ча Азербайжан Республикасынын Габалин р-нуна караштуу Ниж айылында жашаган удиндердин тилине жакын.   Агван тили азырынча толук өздөштүрүлгөн эмес.