АГА-ХАН III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГА-ХАН III, С у л т а н М у х а м м а д ш а х (2. 11.1877, Карачи ш. ‒ 11.7. 1957, Египет, Асуан ш.) ‒ шеит-исмаилит мусулмандарынын 48-мураскер имамы. «Ага Хан» титулу Персиянын башкаруучусу тарабынан берилген. Ал 1937-жылы Улуттар Лигасынын Президенти болуп дайындалган. Ага Хан III исмаилит мекемелеринин негизги иш чараларын уюштуруп, жетектөө менен бирге мусулмандардын кызыкчылыгын жактаган, аялдарга билим берүүнү колдогон жана тынчтык үчүн активдүү күрөшүп, эл аралык аренада зор кадыр-баркка ээ болгон.