АГА-ХАН III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГА-ХАН III, С у л т а н М у х а м м а д ш а х (2. 11.1877, Карачи ш. ‒ 11.7. 1957, Египет, Асуан ш.) ‒ шеит-исмаилит мусулмандарынын 48-мураскер имамы. «Ага Хан» титулу Персиянын башкаруучусу тарабынан берилген. Ал 1937-ж. Улуттар Лигасынын Президенти болуп дайындалган. Ага Хан III исмаилит мекемелеринин негизги иш чараларын уюштуруп, жетектөө менен бирге мусулмандардын кызыкчылыгын жактаган, аялдарга билим берүүнү колдогон жана тынчтык үчүн активдүү күрөшүп, эл аралык аренада зор кадыр-баркка ээ болгон.