АГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:17, 26 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ жашы улуу эркек тууганына кичүүлөрдүн урматтап кайрылышы, жалпы эле кичүүлөрдүн улууларды урматтап аташы. А. болуу кыргыздын үй-бүлөлүк мамилелеринде олуттуу парыз, өзүнөн кичүүлөр ж-дө кам көрүү, аларды ар кандай кокустуктардан сактоо чараларын алдын алуу жоопкерчилиги м-н жашоо. Акын Арстанбек Буйлаш уулунун ыр саптарында: «Агасы өлсө, не болот? Айтаарга сөзү кем болот. Иниси өлсө не болот, чабаарга камчы кем болот» ‒ деп айтылат.