АВТОРЛОШКОН КОТОРМО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРЛОШКОН КОТОРМО – котормочунун автор менен бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которуусу. Мис., «Абай» романын Л. Собелев автор менен бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбын эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева менен бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мис., Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.