АВТОРДУК ТАБЛИЦАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК ТАБЛИЦАЛАР – китептерди китепкана текчелерине алфавиттик тартипте жайгаштырууну жеңилдетүү максатында түзүлгөн өзгөчө таблицалар. Автордук таблицалар биринчи жолу 19-кылымдын аягында америкалык китепкана илимпозу Ч. Кеттер тарабынан түзүлгөн. Автордук таблицалар авторлордун фамилияларынын башкы муундарынан (эгерде автору көрсөтүлбөсө, китептин атынын К-тамгасынан) турат. Мис., Абаев деген фамилияга автордук белги болуп автордук эсептелет. Дүйнө элдеринин ар түрдүү тилдеринде жазылган китептерди жайгаштырууда ошол тилдердин алфавитине ылайык автордук таблицалар иштелип чыккан.