АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ, а в т о р д у к г о н о р а р (лат. gonorarium ‒ кызматы үчүн акы төлөө) ‒ илим, адабият, искусство ж. б. чыгармаларынын авторлоруна же алардын мурасчыларына төлөнүүчү акы. Автордук калем акы ошол чыгармаларды пайдалангандыгы (мис., басып чыгаруу, көрүүчүлөр алдында же радиоуктуруу жана телекөрсөтүү аркылуу берүү ж. б.) үчүн төлөнөт. Сүрөтчү, адвокат, дарыгерлердин эмгегине төлөнүүчү акылар да автордук акы катары эсептелет. Биздин өлкөдө акы төлөөнүн өлчөмү менен тартибин учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентчилиги (Кыргызпатент) аныктайт.