АВТОПОРТРЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОПОРТРЕТ (авто... жана портрет ) ‒ сүрөтчүнүн күзгүгө каранып, өзүн өзү тарткан сүрөтү. Портрет жанрынын өзгөчө түрү катары 16-кылымда Кайра жаралуу доорунда (Рафаэль, А. Дюрер) калыптанган. Андагы салтты кийинки доорлордун ири сүрөтчүлөрү (Рембрандт, Ван Рейн, М. А. Врубель жана башкалар) өрчүтүшкөн. Кыргыз искусствосунда Г. Айтиев, С. Чуйков, С. Акылбеков, А. Усубалиев жана башка кылкалем чеберлеринин автопортреттери белгилүү.

Файл:АВТОПОРТРЕТ8.png
Б. Усубалиев. Автопортрет. 1996.