АВТОПОРТРЕТ
АВТОПОРТРЕТ (авто... жана портрет ) ‒ сүрөтчүнүн күзгүгө каранып, өзүн өзү тарткан сүрөтү. Портрет жанрынын өзгөчө түрү катары 16-кылымда Кайра жаралуу доорунда (Рафаэль,
А. Дюрер) калыптанган. Андагы салтты кийинки доорлордун ири сүрөтчүлөрү (Рембрандт, Ван Рейн, М. А. Врубель ж. б.) өрчүтүшкөн. Кыргыз искусствосунда Г. Айтиев, С. Чуйков, С. Акылбеков, А. Усубалиев ж. б. кылкалем чеберлеринин автопортреттери белгилүү.