АВТООҢДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
23:47, 26 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Autocorrect-Автоправка). Автооңдоонун жардамы менен киргизилген сөздөрдүн жалпы орфографиялык каталары автоматтык түрдө оңдолот. Мисалы, англис тилинде текст терилип жаткан учурда кокустан teh сөзү терилип кетсе тексттик процессор автоматтык түрдө аны the сөзүнө алмаштырып коөт. Чекиттен кийин турган сөздүн баш тамгасы кичине тамга менен жазылса, аны чоңгң которуп коет. Автооңдоо баш тамга менен жазылган тексттердин катасын дагы текшере алат. Кокустан сөздүн ортосуна баш тамга терилип калса аны кичине тамгага алмаштырып коет, сүйлөмдүн башында эки баш тамга удаа жазылып калса башкы тамгасын ошол бойдон калтырып, кийинкисин кичине тамгага алмаштырат. Автотекшерүү айрым CD, PC жана MHz сыяктуу көп кездешкен кыскартууларды алмаштырбайт.


Файл:АВТООҢДОО.jpg