АВТОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ физ.-хим. кубулуштардын таасиринен ар түрдүү тоотектердин үбөлөнүп, күкүмдөлүшүнөн пайда болгон топурак. Алар негизинен кургак климаттык шартта өөрчүп, өрөөндөрдө, бөксө тоо ж-а субальп, альп алкактарында таралган. Ага күл, кара, күрөӊ, кара күрөӊ токой, коӊур, боз, о. эле субальп, альп ж. б. типтеги топурактар кирет. А. т. жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Кырг-ндын бардык аймагында кездешет. А. т. башка топурак түрлөрү сыяктуу деградацияга алып келүүчү коркунучтуу факторлорго ‒ эрозия, кыртыш түзүлүшүнүн бузулушу, шорлонуу, чириндилүүлүгүнүн төмөндөшү ж-а кыртышынын булгануусуна дуушар болот. Ошондуктан, бул топуракты эрозиядан ж. б. бузулуудан сактоо, күрдүүлүгүн жогорлатуу талап кылынат.