АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ
АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-ж. тажрыйбада текшерилип, 1965-ж. пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде А. к. абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып,кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.