АВТОКРАТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 11 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОКРАТИЯ (гр. autokrateia ‒ өзү бийлөөчүлүк, жеке башкаруу) ‒ жеке адамдын чексиз, көзөмөлсүз толук бийлиги менен мүнөздөлүүчү башкаруу формасы; ошондой эле мыйзам чыгаруучулук, аткаруучулук функцияларды өз колуна алган, мамлекеттик аппараттын ишин өзү толук көзөмөлдөп турган, кол алдындагыларга жана карамындагыларга эч көз каранды болбогон жогорку башкаруучунун бийлиги (мис., байыркы Чыгыштагы ‒ деспотия, байыркы Римдеги, орто кылымдагы империялар, абсолюттук монархиялар). Автократиянын альтернативасы — демократиялык өлкө.