АВТОЖҮКТӨГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОЖҮКТӨГҮЧ (авто... жана жүктөгүч ) ‒ жүктү көтөрүп-ташуучу, дөӊгөлөк менен өзү жүрүүчү машина. Кезеги менен алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып- кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр жана кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч ж. б.) турат. Ал дааналай жана чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, о. эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т келген А. кеӊири колдонулат. А-түн электр кыймылдаткычтары менен жабдылганы түрлөрү да бар.