АВТОДРОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 5 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОДРОМ (авто… ж-а гр. dromos ‒ гимнастикалык, ат ойнотуучу аянт, чуркоочу жай), а в т о м о б и л ь п о л и г о н у ‒ автомобиль спорту б-ча мелдеш өткөрүүчү ж-а автомобиль сыноочу аянт. Уз. 3‒10 км, туурасы 10‒18 м. А-дор 20-к-дын башынан курула баштаган, анын курулуш комплексине трибуна, фигуралык айдоо б-ча мелдеш өткөрүүчү аянтча, автомобилдерди тех. жактан тейлөөчү имарат ж. б. кирет.