АВТОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:21, 11 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОГЕНЕЗ (авто жана генез) ‒ органикалык дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эволюциялык окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. жөнүндөгү окуулары Автогенездик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эволюциялык паралеллизм жана конвергенция кубулуштары менен түшүндүрөт.