АВТОГАМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОГАМИЯ (автожана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак ж. б., көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мис., диатом балырлары, айрым амёбаларда).Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.