АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-к-да Англия, Испания жана Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси жана америка вермонттору менен аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты б-ча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

Файл:АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.