АВРОРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:12, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВРОРА (лат. Aurora) – байыркы рим мифологиясындагы Кудайларга жана адамдарга жарык тартуулоочу таңзаарынын Кудайы.

Файл:АВРОРА86.png

Ал байыркы грек мифологиясындагы Эос кудайына ылайык келет. Антикалык иск-водо Эос-Аврора сүрөтү сейрек учурайт. Алар көбүнесе вазаларда тартылган сүрөттөрдө кездешет. А. жаркыраган аттарга чегилген арабада океандан асманга көтөрүлгөн жаш, канаттуу аял катары, о. эле канаттуу Кудай эне түрүндө ар түрдүү эпизоддордо: Кефалды тейлеген учуру, Мемнонду жоктоп ыйлаганы чагылдырылган. Мындай вазалар Луврда (Париж), Римде ж. б. жерлерде сакталууда.