АВРЕЛИЙ Марк

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:07, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kerimova-59 (Kerimova-59 moved page Аврелий Марк to АВРЕЛИЙ Марк) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-ж. парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү ж-а Месопотамияны басып алуу м-н аяктайт. 166–180-ж. Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар м-н сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган А. «Өзүм м-н өзүм» аттуу филос. чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.