АВОКАДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 10 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВОКАДО (Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн лаврлар тукумундагы дайыма жашыл мөмө дарак. Бийиктиги 25 мге жетет. Жалбырагы ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салмагы 100дөн 1000 гга чейин, формасы көбүнчө алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот) жана данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде жана консерваланган түрүндө пайдалыналт. Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө углеводдун аз болушу жана жогорку калорялуулугу кант диабетинде айрыкча баалуу болуп эсептелет. Бул өсүмдүктүн жапайы түрү белгисиз. Айдалма Авокадонун мекени Борбордук Америка, андан Түштүк-Чыгыш Азияга жана Африкага тараган. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп, негизги азык продуктусу болуп эсептелет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара дениз жээктеринде өстүрүлөт.