АВИЗО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИЗО (итал. aviso) – эсеп операциясынын аткарылгандыгы тууралуу банктын расмий билдирүүсү. А. айрыкча банктар өзара эсептешүүдө көп колдонулат. Анын негизги реквизиттери: номери, операция катталган дата, мүнөзү, суммасы, төлөөчүнүн же кепилдин аталышы. А. кардарларга алардын эсептери б-ча дебеттик каттоо, аккредитивдерди ачуу, чектерди жана которулма векселдерди коюу, акча которуу, алардын эсебиндеги акча калдыктары жана баш ка операциялар ж-дө кабарлоо үчүн колдонулат.