АВИАМОДЕЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАМОДЕЛИЗМ – тех. же спорттук максатта учуучу аппараттардын, анын ичинде ракетанын моделин конструкциялоо жана түзүү. Тех. А. учуучу аппараттарды куруунун ил.-тех. тажрыйбаларынын маанилүү маселелерин чечүүгө жардам берет. Орус ойлоп табуучусу А. Ф. Можайский 1-самолёт курууга анын моделинин (1876-77) учуу шарттарын изилдөө менен жеткен.Н. Е. Жуковский авиамоделдерди учуруу менен нерсенин абадагы кыймылынын

Файл:АВИАМОДЕЛИЗМ73.png
Эркин учурулуучу авиамоделдер: 1 - планер; 2-резина моторлуу модель; 3 – таймерлүү модель.

законун ачкан. Азыркы учурда да тажрыйбалык самолётту жасоо үчүн, анын кичинекей модели аэродинамикалык түтүктө изилденип, мү нөздөөчү сапаттары аныкталат. Спорттук А. спорттун кеңири тараган тех. түрү. Тех. жактан жакшы моделдердин учуу ылдамд. 100 км/ска., учуу убактысы бир нече саатка жана аралыгы жүздөгөн кмге жетет.