АВИАМОДЕЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:57, 16 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАМОДЕЛИЗМ – тех. же спорттук максатта учуучу аппараттардын, а. и. ракетанын моделин конструкциялоо ж-а түзүү. Тех. А. учуучу аппараттарды куруунун ил.-тех. тажрыйбаларынын маанилүү маселелерин чечүүгө жардам берет. Орус ойлоп табуучусу А. Ф. Можайский 1-самолёт курууга анын моделинин (1876-77) учуу шарттарын изилдөө м-н жеткен.Н. Е. Жуковский авиамоделдерди учуруу м-н нерсенин абадагы кыймылынын

Файл:АВИАМОДЕЛИЗМ73.png
Эркин учурулуучу авиамоделдер: 1 - планер; 2-резина моторлуу модель; 3 – таймерлүү модель.

законун ачкан. Азыркы учурда да тажрыйбалык самолётту жасоо үчүн, анын кичинекей модели аэродинамикалык түтүктө изилденип, мү нөздөөчү сапаттары аныкталат. Спорттук А. спорттун кеңири тараган тех. түрү. Тех. жактан жакшы моделдердин учуу ылдамд. 100 км/ска., учуу убактысы бир нече саатка ж-а аралыгы жүздөгөн кмге жетет.