АВЕСТА ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:30, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВЕСТА ТИЛИ (эскиче - зенд тили) - байыркы иран тилдеринин бири. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын биринчи жарымында зороастризмдин «Авес та» деген китептери ушул тилде жазылган. «Авестанын» тексттери адегенде оозеки колдонулуп, кийин кагазга түшүрүлгөн. Авеста тили эки диалектиден - эски же гат ж-а кийинки «Авеста» диалектисинен турат. «Авеста» кол жазмасы 21 китепти түзөт. Бизге 4/1 бөлүгүндөйү гана жеткен. Байыркы заманда ж-а орто кылымдын башында «Авеста» Иранда, Орто Азияда, Азербайжанда, Афганстанда кеңири тараган. Авеста тилинин парсызороастрийлер гана (Индияда) бүгүнкү күнгө чейин диндик литургиянын тили катары пайдаланышат. Авеста тили синтетикалык типтеги флективдүү тилдердин катарына кирет.