АВАРЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 4 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАРЛЫКТАР (өздөрүн маарулал дешет) – Дагстандын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 1 млн киши, анын 850 миңи Дагстанда (2010). Аварлыктар Чыгыш Грузия, Түндүк Азербайжан, Россиянын Түндүк Кавказ аймагы жана Түркияда жашашат. Авар тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит.

Файл:АВАРЛЫКТАР69.png

Аварлыктардын азыркы аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын экинчи жарымында жашаган лег, гел, каспи, ути ж. б. уруулар авар элинин этностук негизин түзгөн. 20-кылымдын башында батыш Дагстандагы тили, маданияты, үрп-адаты тектеш андоцез жана арчын элдери кошулган. 1959-жылдагы эл каттоодо өздөрүн Аварлыктар деп аташкан. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, багбанчылык менен кесиптенишип, тоонун түбүнө таш менен тирештире салынган кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Көбүнчө бир үйдүн чатырын экинчиси короо катары пайдаланган, ар бир кабатында өзүнчө эшиктери бар, мунаралуу үй-сепилдер болгон.

Файл:АВАРЛЫКТАР70.png
Аварлыктар жашаган Камелух кыштагы.

Эркектер туника сыяктуу көйнөк, бешмант, черкеска, папах, башлых, тон, бурка, кайыш кур, кийиз же булгаарыдан бут кийим; аялдар жеңдүү узун көйнөк, ыштан, башына чокто (аялдардын кеп такыяга окшогон баш кийими), саймаланган, күмүш менен кооздолгон кийимдерди кийишкен. Негизинен сүт, эт азыктарын жана камырдан жасалган тамак, ошондой эле түрдүү татымалдарды пайдаланышат.