АБЫСЫН
АБЫСЫН – ага-инилердин же бир атанын балдарынын аялдарынын бири-бирине туугандык мамилесин билдиргенден чыккан аталыш сөз. А-дар өз ара сыйлоо, урматтоо иретинде агасынын аялын инисинин аялы «жеңе» десе, кичүүсүнүн аялына улуусунун аялы «келин» деп кайрылат. Жалпысынан алар «абысын-ажын» деп да айтылат.