АБУЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 28 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУЖА – Нигерия Республикасынын борбор шаары (1991-жылдан). Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Жос платосунда жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорт бар. Өлкөнүн мурдагы борбору Лагос шаарынан Абужага которуу 1976-жылы кабыл алынган. Борбордук банк, радио үйү, мечит, университет (1918), Нигерия жол-курулуш институту, тамак-аш өнөр жайлары бар. 1828-ж. курулган чептүү лагердин ордунда пайда болгон.