АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 27 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Бакр Мухаммед ибн Жафар а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы дагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-к.) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган.