АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:10, 27 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПЙЯ to АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттардын атомдорунун жана молекулаларынын электрмагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдөө методу. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн, о. эле заттардын ички энергиясы ар түрдүү формага өткөндө азаят. Заттын жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун жана молекуланын электрондук түзүлүшүнө, о. эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттын концент-сына, темп-расына, электр жана магнит талааларына көз каранды. Заттардын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн спектрофотометр колдонулат. Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атом жана молекуларынын табияты агрегаттык абалы менен аныкталат.