АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОРБЦИЯЛЫК СПЕКТРОСКОПИЯ – ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттардын атомдорунун ж-а молекулаларынын электрмагниттик нурду сиңирүү спектрлерин изилдөө методу. Жарык булагынын интенсивдүүлүгү изилденүүчү чөйрөдөн, о. эле заттардын ички энергиясы ар түрдүү формага өткөндө азаят. Заттын жарык сиңирүү жөндөмдүүлүгү негизинен атомдун ж-а молекуланын электрондук түзүлүшүнө, о. эле түшкөн жарыктын толкун узундугуна, уюлдануусуна, чөйрөнүн калыңдыгына, заттын концент-сына, темп-расына, электр ж-а магнит талааларына көз каранды. Заттардын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн өлчөө үчүн спектрофотометр колдонулат. Сиңирүүнүн спектри, түрдүү заттын атом ж-а молекуларынын табияты агрегаттык абалы м-н аныкталат.