АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 2 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ - метеорологиялык элементтердин (абанын температурасы, атмосфералык басымы ж. б.) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң төмөнкү өлчөмү; эң суук жер. Дүйнө жүзүндөгү эң суук жер Антарктидада, анда (Чыгыш станциясында) температуранын абсолюттук минимум - 89,2°С катталган, Түн. жарым шарда ал -68°С (Якутиядагы Оймякондо), Кыргызстанда -54°Сге чейин (Ак-Сайда) төмөндөгөн.