АБСОЛЮТТУК МАКСИМУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК МАКСИМУМ – метеорологиялык элементтердин (абанын температурасы, атмосфера басымы ж. б.) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң жогорку өлчөмү; эң ысык жер, мисалы, дүйнө жүзүндөгү температуранын абсолюттук максимуму 57,8°С (Ливиядагы Эль-Азиз чөлү), Кыргызстанда 44°С (Чүй өрөөнү).