АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – 6-к-дын 80-ж-нда төмөнкү Согда аймагында жерг. жер ээлерине ж-а соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы б-ча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-ж. көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.