АБРАМЗОН Саул Матвеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Саул Матвеевич [22. 6. (5.7). 1905, Орлов губерниясы, Дмитровск ш. – 1. 9. 1977, Ленинград] – этнолог, түрколог, тарых илимд. доктору (1968); кыргыз этнография илимин негиздегендердин бири. 
Файл:АБРАМЗОН53.png
1926-ж. Ленинград мамл. ун-тинин география ф-тин бүтүргөн. 1926–31-ж. Кыргнда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу ил.-из. ин-тунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш ил.-из. ин-тунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография ин-тунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук ил. кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–47- ж-а 1953–55-ж. Кырг-нда этногр. экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын тарыхын, мад-тын, үрп-адатын, о. эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этногр. булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун ил. эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Кырг-нда этногр. илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Абрамзон С. М., Антипина К. И., Васильева Г. П., Махова Е. И., Сулайманов Д. «Быт колхозников киргизских селений Дархан и Чичкан*. М., 1958; С. М. Абрамзон. Киргизы, т. II., М., 1963.