АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:18, 27 Май (Бугу) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 абразивдер– металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти ж. б. материалдарды мех. иш тетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо ж.б.) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит ж.б.) ж-а жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма А. м-дан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.