АБОНЕМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБОНЕМЕНТ (фр. abonnement – чектөө) – белгилүү бир мөөнөткө кандайдыр бир нерсени (мис., китепкана кызматын, театр же стадиондогу орунду, телефон номерин ж. б.) алдын ала акы төлөө менен пайдалануу укугу жана бул укукту күбөлөндүрүүчү документ. А. – окурманга китепканадан алынган басма сөз чыгармаларын белгилүү мөөнөткө пайдаланууга укук берет.