АБОЛИЦИОНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБОЛИЦИОНИ́ЗМ (лат. abolitio - жоготуу, алып таштоо) – 1) кандайдыр бир мыйзамды жокко чыгаруу үчүн болгон коомдук кыймыл; 2) 18-к-дын аягы – 19-к-дагы АКШда негрлер кулчулугун жоюуга багытталган кыймыл. Кулчулуктан кутулуу үчүн АКШнын түштүгүндө негрлер кубаттуу көтөрүлүштөргө (1800, 1831) чыгышкан. А. кыймылы амер. кулчулукка каршы күрөшүү коому түзүлгөндөн (1833) тартып уюмдашкан түрдө жүрө баштаган. АКШдагы Граждандык согуштун (1861–65) натыйжасында Линкольндун өкмөтү козголоңго катышкан кул негрлерди жер ыйгарбай азат кылуу актысын кабыл алган; 3) 18–19-к-да Улуу Британия, Франция ж. б. бир катар Батыш өлкөлөрүндө колониялардагы кулчулукту жоюу үчүн кулач жайган күрөш.