АБИЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Болот Арипович (1963-ж. т., Фрунзе) – педиатр, медицина илимд. доктору (2002). КММИни (1986), СССР МИАнын педиатрия ИИИнин аспирантурасын (1991) бүтүргөн. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Лицензия-аккредиттөө комиссиясынын төрагасынын орун басары, Бишкек ш-нын мед. акредиттөө комиссиясынын улук эксперти болуп иштеген. Ал 29дан ашык ил. эмгектин автору. Коомдук саламаттыкты сактоо б-ча адис. Эмг.: Основы менеджментав здравоохранении:методическое пособие (в соавт.).- Б., 2014.-146.